Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Египетте соңку терракттарга байланыштуу 200дөй адам кармалды


Жакындагы кол салууларга байланыштуу кармалган адамдар исламчыл топтордун өкүлдөрү деп шектелүүдө. Ал эми өлкөнүн чет элдик туристтер келүүчү жайларында болсо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Башкалаа Каирдеги улуттук музей полиция тарабынан курчоого алынып турат. Ишемби күнү ошол музейдин жанында жанкечти жасаган жардыруудан төрт адам: эки израилдик, бир швед жана бир италиялык жаракат алган. Ушул эле күнү ошол жанкечтинин эки тууганы Каирде чет элдик туристтер түшкөн автобусту аткылашып, бир нече адамды жарадар кылышкан эле.

XS
SM
MD
LG