БИШКЕК. 3-майда Бишкекте суу-энергетика маселелери боюнча Борбор Азия өлкө эксперттеринин төрт тараптуу сүйлөшүүсү башталат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, бул жолугушууда аймактагы суу-энергетика ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташтыкты жаңы нукта өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Соңку эки жылдан бери Өзбекстан менен суу-энергетика маселеси боюнча эки тараптуу келишим түзүлбөй келет.
Соңку эки жылдан бери Өзбекстан менен суу-энергетика маселеси боюнча эки тараптуу келишим түзүлбөй келет.