Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Президенттикке он бир адам талапкер болушу айтылууда


БИШКЕК. 10-июлда өткөрүлө турган президенттик шайлоого азырынча он бир адам катыша тургандыгын жарыялашты. Алардын арасында, учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов, мурдагы экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, доктор Кубанычбек Апас, белгилүү нарколог дарыгер Жеңишбек Назаралиев, депутат Баяман Эркинбаев жана башка атуулдар бар. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 44-беренесине ылайык 50 миң шайлоочунун колун топтогон жаран президенттик шайлоого талапкер катары каттала алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 26-майга, ал эми шайлоочулардын колун топтоо 2-июнга чейин улантылат.

XS
SM
MD
LG