Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Президенттик шайлоого 60 миллион сом талап кылынат


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комисссиясы президенттик шайлоого даярдык көрүү жана президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык план түзүп, жарыялады. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 10-июлда өткөрүлө турган президенттик шайлоого баш-аягы өлкө казнасынан 60 миллион сом жумшалат. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасына 40 миллион сом сарпталаары болжолдонууда. Мындай каражат участкалык, райондук, шаардык, областтык шайлоо комиссияларын түзүп, аларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга, байкоочуларды даярдоого жана президенттикке талапкерлердин үгүт иштерин бекер жүргүзүүгө жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG