Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО, КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ, ЖОГОЛГОН АЛТЫНДЫН ЧУУСУ


Коррупцияга каршы күрөш, Жогорку сот алдындагы пикет, президенттик шайлоо камылгасы кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема боюнча калууда. Өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Казакстанга расмий сапарын 3-майда жарык көргөн “Агым” гезити чагылдырды. Өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун Аскар Акевдин паракорлугу жана ага тийешелүү деп болжолдогон ишканалардын тизмеси тууралуу “Жаңы ордо” гезити да жазды.

3-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Жеңишбек Эдигеевдин парламенттин сессиясынан репортажы берилди. Анда өлкөдө 24-марттагы окуядан кийин мыйзам сакталбай, өлкө коркунучтуу жагдайга кептелгенин Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов минтип билдирген: “Бийликти сындап сүйлөп жаткан депутаттар бүгүндөн баштап коопсуздугуңарды күчөткүлө, алар элдин тагдыры менен ойноп жатат. Жакындан бери эле белгисиз бирөөлөр мени үч ирет коркутуп, жоготобуз дешти. Оштогу май куюучу жайды тоноого да аракет кылышты. Ал түгүл Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровду дагы коркутуп, “эсиң барда этегиңди жап” дешиптир. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаев “өз имаратыбызды коргоого күчүбүз араң жетүүдө, 3 жыл ичинде кызматкерлерибиз үч эсеге азайып, мыкты адистер кетип калды” дейт. Минтип олтурсак, алдыдагы президенттик шайлоону кантип өткөрөбүз. 10-июлдан кийин Кыргызстан тарыхтан сызылып калабы?” деп кабатырланат депутат Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле “Агым” гезитинде Жогорку кеңештин депутаты Темир Сариев “кимдин куйругун басуу менен төө бастыга калгандыгы” тууралуу журналисттик иликтөөгө да орун берилди.

“МСН” гезитинин кабарчысы Рина Прижвойт Акаевдин режимин сындап, кадыр- барк күткөн. Жакындан бери “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Куловду сындап, президенттин милдетин аткаруучу премьер- министр Курманбек Бакиевди мактап, эки лидерди кайраштыра баштады. Жаңы бийлик Рина айымды Австрияга элчиликке кудалаган эле, парламенттин эл аралык байланыштар комитети өткөрбөй койду. Эми Рина Прижвойт парламенттен өч алабы” деп суроо койот “Агым” гезити.

Ушул эле гезит өкмөт үйүндөгү карама- каршылыктарды талдоого алып, жаш, курч вице- премьер-министрлер Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров “Эгерде президенттин администрициясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков токтоосуз отставкага кетпесе, биз бул бийликте узакка кала албайбыз” деп Курманбек Бакиевге катуу шарт коюшту” деп жазат.

Ошону менен бирге бул жетекчилерге карама-каршы ойду да “Агым” гезити айтып, “Кечээ эле чындык үчүн чыркырап, эл үчүн башын сайып жүргөн азаматтар Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров Курманбек Бакиевдин камчысын чаба баштады.” деп жазды.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

-Гезиттин кабарчысы Мамат Сабыров өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Казакстанга расмий сапары тууралуу репортаж берип, түрдүү маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн маалымдайт. “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын лидери Урматбек Барктабасов менен маектешүү чыкты. Ошондой эле жер маселеси жана жер басып алуучулар тууралуу эки макала, Жогорку кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин окурмандардын суроолоруна жооптору, маданият тууралуу баяндама бар.

“Жаңы ордо” гезитинин жаңы санында өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров “Таза Кыргызстан” кантип тазаланып жатканын айтып, “100 күндүк программанын өзөгү, бир айдын ичинде аткарылган иштер, өлкөдөгү коррупция, Аскар Акаевдин паракорлугу, дайынсыз жоголгон 2 тоннага чукул алтындын чуусу жана алдыдагы президенттик шайлоо” тууралуу кеп козгойт. “Аскар Акаевдин чоң кемчилиги коррупцияга белчесинен батып калганы. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы чиновник коррупция боюнча жоопко тартылган эмес. Учурда коррупцияга каршы 8 иш козгодук. Тергелип бүтүп калды,бирөөнүн ишин сотко өткөрдүк. Баягы алтын боюнча чыккан чуу да басылып калган. Ошол ишти бузуп, кайра тергөөгө бердим.” дейт Азимбек Бекназаров.

”Жаңы кылым» гезитинде мамлекеттик катчынын милдетин аткарып аткан Дастан Сарыгуловдун маеги жарыяланды.

«Кыргыздын канында боштондук сезим атамзамандан бери уюп жатат. Накта демократия кыргыздын жандүйнөсүндө. Кыргыздар баш бийликти атадан балага мурастап өткөрүп берген эмес. Атамзамандан бери бийликти эл өзү шайлап келген. Илгертен бери кыргыздарда кулчулук доор, феодалдык доор болгон эмес” дейт мамлекеттик катчы.
Анын айтымында, кыргыздар базар экономикасын терең түшүнүп, башка элдерден карыз алып, жашаган эмес. Өзүн-өзү багып, чыгашаны киреше менен жаап, зыян тартпай чарбачылык жүргүзгөн. “Бийлик системасын түп-тамырынан өзгөртүү үчүн өлкөдөгү ар бир үч миң шайлоочудан бир өкүл, баш-аягы 700-800 кишиден турган элдик курултайга ишеним арткан оң. Жыл сайын чогулган элдик өкүлдөр бийлик жетекчилеринин отчетун угуп, алардын ишине баа берип, президенттен башкасын кемчилиги болсо кызматтан алышат. Президентти иштен алуу маселесин жалпы эл чечет.” дейт Дастан Сарыгулов.
Ушул гезиттеги “Бийлик тийбей калса, билегибизди түрүнбөсөк” деген макаласында журналист Азизбек Чамашев «Мына, 24-мартта 15-жылдан бери күткөн элдик ыңкылап болуп өттү. Жакындары кошулуп жабыла бийлеген “жылма диктатура” качып кетти. Бирок Кыргызстан али тынчый элек. Эл бирде Акүйдү курчайт, бирде парламентке чабуул жасайт, бирде Жогорку соттун алдында митинг уюштурат, бирде Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы,жолду тосмой, акимди, губернаторду тоорумай, жерди басып алмай болуп кетти. Мындан ары саясатташып кылтыңдаганга убакыт жок, Кыргызстанды оңдош керек” деп жазат
3-майда жарык көргөн “Адабий гезит” Улуу атамекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына арналды. Гезитте кандай мазмундагы макалалар жарыяланганын редактордун орун басары Айзада Көчкөнбаева мындайча айтып берди.

- Гезиттин жаны санында Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин согуш тууралуу айткандары, ошондой эле Кумүш Суранованын тылдагы эмгек кылгандар тууралуу баяндамасы, Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев менен болгон баарлашуу жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG