Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Азербайжандын президенти КМШнын саммитине катышпайт


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев КМШ өлкөлөрүнүн 8- Майда Москвага белгиленген саммитине келүүдөн баш тартты. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, 8- майда Тоолуу- Карабах чатагы учурунда армяндар Шуша шаарын ээлеп алганына 13 жыл толот. Андагы аскерий операцияга Армениянын азыркы президенти Роберт Кочерян да катышкан. Андыктан Азербайжандын президенти 8- майдагы жолугушууда Армения мамлекет башчысы менен чогуу отурууну ылайыксыз деп эсептейт. Анткен менен Ильхам Алиев 9- майда нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин алтымыш жылдыгына байланыштуу Москвада өтүүчү салтанаттарга катышат.

XS
SM
MD
LG