Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Италияда жашыруун кызмат агентинин Ирактагы өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды


Италиялык тергөөчүлөр өлкөнүн жашыруун кызматынын агенти Никола Калипаринин өлүмү үчүн жоопкерчиликти жеке бир адам жүктөө татаал экенин белгилешкен. Отчетто айтылгандай, буга бир жагынан "тажрыйбасыздык" жана "стресс" да себеп болгон. Никола Калипари быйыл 4- мартта Иракта жаңы эле барымтадан бошотулган журналист Жулиана Сгрена менен машинада бирге келе жатып америкалык аскерлердин көзөмөл бекетинде ок жеген.

Өткөн жуманын соңунда бул иш боюнча АКШ армиясы да өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарган эле. Анда италиялыктар түшүп келе жаткан автоунаа көзөмөл бекетте жайлабагандыктан улам, америкалык аскерлер ок чыгарууга барганы айтылган. Ишти иликтөөгө катышкан италиялык эксперттер америкалыктардын тыянагына макул болгон эмес. Алар өз отчетунда ок атайлап атылбаганын кошумчалашканы менен ошол окуя болгон жер – АКШ аскерлеринин көзөмөл бекетинин уюштурулушун сынга алган.

XS
SM
MD
LG