Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

БИШКЕК ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА АБАЛ ООР


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бишкектеги №1 тергөө абагында 1943- жылдан бери капиталдык ремонт боло элек. Ал эми жазаны аткаруу башкармалыгына бул максатта мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка жаңы тергөө абагы курулуп жатат. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыгып, бул мекемелерде акыбал начар деп билдирди.

Бул тергөө абагында өлүм жазасына чегерилгендер жана түрмө режимине кесилген оор кылмышкерлер да кармалууда. СИЗОнун башчысы Жумадил Шейшеналиев Баш прокурордун жана журналисттердин көңүлүн абактын социалдык акыбалына буруп,10 жылдан бери дубалдар сыр көрө электигин, суу түтүкчөлөрү тешилгенин жана башка толгон-токой көйгөйлөрүн айтты.

Бишкек СИЗосунун имаратынын өзү 1943- жылы курулган. Ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөө боло элек. Ал эми бюджеттен Жазаны аткаруу башкармалыгына капиталдык ремонттор үчүн бөлүнгөн 1 миллион 400 миң сом жаңы курулуп жаткан Чүй СИЗОсуна жумшалып атканы дайын болду. Жумадил Шейшеналиевдин айтымында, жада калса камактагыларга тамак таратканга идиш- аяк калган жок.

Баш прокурор камераларды кыдырып, камактагыларга атайын прокуратура кызматкерлери келдиби деп сурап жатты. Көбү былтыр Акыйкатчы келген бойдон эч кимди көрө элекпиз деп жооп беришти. СИЗОдо 2 жарым - бир жарым жылдан бери жаткандар, катуу ооругандар, түрмөдө жазасын өтүп жаткан жеринен алынып келинип белгисиз себептер менен кармалып тургандар да жолукту. Азимбек Бекназаров журналисттерге тергөөнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга каршы күрөшө турган атайын прокуратура өз милдетин аткарбай жатат деп билдирди.
Айрым камераларда кургак учук өңдүү коркунучтуу дарт менен алпурушуп аткандар да бар. Бир камерадан башын чыгарып, бирөөсү «кургак учук деген толтура, кургак учук жок дешсе ишенбегиле» деп кыйкырды. Андан кийинки камерадагылар да ушинтип чакырып жатышты.

Бул камерада өпкөсүнөн кагынгандар экен. Экөө астма менен, бири цирроз... Бул балдар түрмөдө мөөнөтүн өтөп аткан жеринен бул жакка кайра түшүптүр. Абак жетекичлигинин айтымында, булар түрмөдө бирөөнү өлтүргөн деп шектелгендер. Бир өпкөсү жок жигит денесин ачып операциядан кийинки тырыгын көрсөттү:

- Бул жерде кармерада кармап турушат. Мага дем жетпей камерада думугуп атам.

Экинчиси болсо боору эзилип баратканын айтты:

- Мен боорумдан циррозмун. Боорум эзиле баштады. Эки айдан бери бизди бул жерде кармап жатышат, же эч бир чечим кабыл алышпайт.

Бишкек СИЗОсунун бүгүнкү акыбалын ашканасынын бүгүнкү акыбалынан баамдоого болот. Ашканада камактагылар тамак ичкен идиш- аяктарды жууй турган ванналардын жана анда калкылдап турган киргилт сууну көргөн адам акыбалды дароо түшүнөт. Абактын жетекчилиги болсо камактагылардын карды жакшы эле тойот деп ишендиришти.

Бишкек Сизосунда кармалып турган өлүм жазасына чегерилгендердин айрым камераларына да баш бактык. Баш прокурор алардан өлүм жазасына коюлган мораторийге карата пикирлерин сурады.

- Эчак эле жоюуш керек болчу. Сиз деле билесиз. Элдин баары билет. Биз аркылуу акча жасап атышат. Жылыга мораторийди узартып, узартканы үчүн акча алып келишкен.

Экс- президент Аскар Акаев өлүм жазасын түбөлүк түрмө менен алмаштырууга даярдыктар тууралуу жарлыкка кол койгон. Азыркы өкмөт да бул жолдон тайбасын билдирип жатат. Баш прокурор Бекназаров өлүм жазасын өмүрдүн соңуна чейинки камак менен алмаштырыш үчүн аларды кармоочу атайын түрмө салыш керек деген оюн айтты. Жазаны аткаруу башкармалыгы болсо мамлекет каражат тапса, мындай түрмөнү 3-4 айда куруп коюуга болоорун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG