Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

БОРБОР АЗИЯ ӨКМӨТТӨРҮ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА КАРШЫ КЫСМАКТЫ КҮЧӨТТҮ


Амирбек Азам уулу Прага 3-май cөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү. Майрамдын шарапаты менен маалымат эркиндигинин өткөн бир жылдагы абалына бир көз жүгүртүп чыгуу салт. Эл аралык Чек арасыз кабарчылар уюму үстүбүздөгү аптадагы билдирүүсүндө Өзбекстан менен Түркмөнстанды сөз эркиндигин аябай кысып-муунткан өлкөлөрдүн катарына кошту. Фридом Хаус уюму болсо бул эки өлкөдөгү маалымат каражаттарынын абалын “абдан начар” деп атады, ал эми региондун калган өлкөлөрүндөгү жагдайды “эркин эмес” деп мүнөздөдү.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Паскаль Боннамурдун сөзүнчө, акыркы бир жылда Борбор Азиядагы медиа чөйрө бир кыйла осолдоп кетти. Ага эң алды Украинадагы “саргылт” ыңкылап менен Кыргызстанда март айынын аягында болгон ыңкылап себеп болду дейт Боннамур айым:

- Менин оюмча, геосаясый кырдаалдан улам жагдай утуру начарлап барат. Айрыкча 2004-жылдын аягында мурдакы Советтер союзуна кирген республикаларда абал өзгөчө курчуду. Сөз эркиндигинин абалы өтө кооптуу. Көптөгөн оппозициячыл журналисттер камакка алынды, кээ бир журналисттер уруп-сабалды. Биз көз карандысыз маалымат каражаттары орой куугунтукталып-басмырланды деп айта алабыз.

Паскаль айымдын айтышынча, Борбор Азиянын жемсөө жана авторитардык өкмөттөрү Кыргызстандагы ыңкылапты маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүгө ишара катары кабыл алышты. Түркмөнстанда журналист болуу, укук коргоочунун айтымында, президент Ниязовдун режимине көшөкөрлөнө кызмат кылуу дегенди билдирет. Марттан бери Өзбекстанда абал мурдакыдан да начарлап кеткен:

-Өзбекстандагы кырдаалдын начарлашы өлкөнүн Кыргызстанга жакын экенине байланыштуу. Биз Өзбекстанда журналисттер өтө катуу кысымга алынганын мурда эле көргөнбүз. Журналисттер түрмөдө уруп сабалышы мүмкүн. Бул кеңири жайылган көрүнүш. Терроризм бардык бийликтегилер үчүн диссидент журналисттерди абакка салууну түшүндүрүп калды. Мисалы, журналист Собиржан Якубов түрмөгө отургузулду.

Ташкенде чыкчу “Хуррият” гезитинин кабарчысы, Собиржан Якубов мыйзамга сыйбаган ишмердүүлүк кылды деп күнөөлөнүп, 11-апрелде камакка алынган. 22 жаштагы журналисттин айыбы тастыкталса, 20 жылга эркинен ажратылышы ыктымал.

Сөз эркиндигин коргоочу эл аралык уюмдар (Чек арасыз кабарчылар жана Эл аралык баса сөз институту) көбүн эсе ислам темасында жазган Якубов саясый жүйө менен камакка алынды деп эсептейт.

23-апрелде бийликтеги жемсөөлүк жөнүндө жазган Жизактык журналист Улукбек Хайдаровду бейтааныш бирөөлөр сабап салган.

Согушту жана Тынчтыкты маалымдоо институтунун Ташкендеги кабарчысы Кудрат Бабажанов Хайдаров интернет басылмасында жарыяланган макалалары үчүн сабалды деген пикирде:

-Адам укугун коргоочуларга жана көз карандсыз журналисттерди кысмакка алуу өткөн айда Жизакта күчөтүлдү. Алар көбүн эсе сабалды. Бул пландуу ишке окшоп кетет. Бул планды ким ишке ашырганын же жүргүзгөнүн билбейм. Балким, Сафар Абдуллаев жазган макалалар негизсиз болбосо керек. Себеби, Улугбек Кадыровдун ысмы кара тизмеде болчу.

Казак жана Тажик бийликтери алдыдагы президенттик шайлоолор алдында маалымат каражаттарын контролдоону күчөттү. Анткен менен тажик оппозициясынын интернет-вебсайты пайда болушун Чек арасыз кабарчылар уюму оң жышаан катары баалады. Паскаль айымдын айтымында:

-Казакстанды алсак, менин оюмча, кырдаал жакшы эмес. Маселен, негизги жана өтө таанымал оппозициялык жумалыктын башредактору Ирина Петрушеваны орус полициясы казак бийликтеринин өтүнүчү боюнча камакка алды. Былтыр биз эки журналситтин өлүмүнө күбө болдук. Арийне, алар өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүлгөнүн далилдөө өтө кыйын. Алар бир катар талуу проблемаларды изилдеп, жазышкан эле.

Эл аралык уюмдардын байкашынча, Кыргызстанда 24-мартта болгон ынкылаптан кийин маалымат каражаттары өздөрүн эркин сезип калышкан.
XS
SM
MD
LG