Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Тажик оппозициялык партиясы Элдик кеңештен чыгып кетти


Тажикстандын Демократиялык партиясы бүгүн атайын билдирүү жасап, президенттин алдындагы Элдик кеңештен чыккандыгы тууралуу жарыялады:

- Бул уюмдун чечимдери баары бир аткарылбагандыктан, акыркы парламенттик шайлоо демократиялык эмес өткөрүлгөндүктөн жана партия жетекчиси Махмадрузи Искандаров Маскөөдө кармалып, Тажикстанга өткөрүлүп берилгендиктен, биз бул Кеңештеги мүчөлүгүбүздү убактылуу токтотобуз, - деп билдирди партия төрагасынын орун басары Рухматулло Валиев. Кармалган Искандаров терроризмден күнөөлөнүүдө, ал Маскөөдө декабрда кармалган, бирок апрелде бошотулган жана дароо жоголуп кетип, кийин Тажикстанда камакта пайда болду.

XS
SM
MD
LG