Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бокс боюнча турнир башталды


БИШКЕК. 3-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып, бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды.
Салтка айланган бул мелдеште Германия, Малазия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 128 спортчусу күч сынашууда. Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына шайкеш келген турнирдин ачылышында Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асанов бокс чеберлерине ийгилик каалады. Он бир салмак категориясы боюнча өткөрүлүп жаткан эл аралык таймаштын жеңүүчүлөрү 7-май күнү аныкталат.

XS
SM
MD
LG