Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Баткенде ММК жана журналисттерди колдоо борбору ачылды


БАТКЕН. 3-май күнү массалык маалымат каражаттарын жана журналисттерди колдоо борборунун ачылышы болду. Облуста иш жүргүзүп келген “Баар” коомдук фондусу Ош шаарындагы «Массалык маалымат каражаттары ресурстук борбору» менен биргеликте ачкан бул борборду Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылайт. Баткен массалык маалымат каражаттар борборунун башчысы Советбек Эгембердиев өз сөзүндө негизги максатыбыз облустагы журналисттердин кесиптик деңгээлин учурдун талабына жараша өнүктүрүүгө, маалыматтык ресурстар менен камсыздоо аркылуу жаңыча иштөөгө көмөк көрсөтүү экенин белгиледи. Андан башка бул жерде журналисттер телефон байланышы, интернет тармагы жана компьютер кызматынан бекер колдоно алышат.

XS
SM
MD
LG