Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Карабуура районунун Кызыладыр айылында «Карабуура жаңырыгы» элдик кыймылы түзүлдү


ТАЛАС. Кыймылдын төрагасы болуп шайланган Кулмурза Калманбетовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жаңы кыймыл түзүүнүн негизги максаты азыркы бийлик коомдун көйгөй маселелерин учурунда чече албай, элдик толкундоолор чыгып жаткан шарттарда ушул сыяктуу проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө көмөктөшүү. Кыймылдын уюштуруу жыйынында анын координациялык кеңеши түзүлүп, ага райондогу тогуз айыл өкмөтүнүн ар биринен эл көйгөйүн жакындан билип, ага күйүп-бышкан жигиттер тартылды. Кыймылды түзүүгө техникалык жана уюштуруу жагынан жардамды Кызыладырдагы демократияга колдоо көрсөтүүчү маалымат борбору көрсөттү. Жакынкы мезгилде кыймыл Юстиция органынан каттоодон өтүп, юридикалык тарап катары иш жүргүзө баштайт.

XS
SM
MD
LG