Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. 5-майда Кыргызстанга Түркиянын вице-премьер министри жана тышкы иштер министри Абдуллах Гүл жетектеген делегация келери күтүлүүдө. Түркиялык делегация Бишкектеги жолугушууларда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине жана терроризм өңдүү коопсуздукка коркунуч алып келген жагдайларга көңүл бурат. Абуллах Гүлдү президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов кабыл алышат. Сапардын акырында Абуллах Гүл тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен бирге маалымат жыйынын уюштурат. Ага чейин Түркиянын тышкы иштер министри «Манас» кыргыз-түрк университетинде болот жана түркиялык ишкерлер менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG