Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Назаралиев, Айтикеев жана Жекшеевди тил комиссиясы сынаганы жатат


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер кылып 3-майда Жалалабад облусунун элдик курултайы, «Эркиндик» саясий партиясынын Ташкөмүр аймактык конференциясы, ал эми 4-майда Бишкектеги техникалык университеттин жамааты көрсөттү. Ушул эле күнү «Арнамыс» саясий партиясынын жол башчысы Феликс Куловду президенттикке талапкер кылып Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичи районунун, Карабалта шаарынын шайлоочулары көрсөтүштү. Бул тууралуу тараптардын ишенимдүү өкүлдөрү маалымдашты.
Борборшайлоокомдун маалыматына караганда, 4-майда өткөн отурумда президенттикке өзүн өзү көрсөткөн талапкер Жеңишбек Назаралиевдин 16 өкүлү каттоодон өттү. Буга чейин Борборшайлооком Жеңишбек Назаралиевдин, Акбараалы Айтикеевдин жана Жыпар Жекшеевдин талапкер болуу сунушун билдирген арызын кабыл алган. Бул үч талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тил комиссиясы 7-майда текшерет. Бул иш чара мамлекеттик телеберүүдөн түз көрсөтүлөт. Мыйзам боюнча талапкер тил комиссиясынын сыноосунан арыз бергенден кийин он күн аралыгында өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG