Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Тажикстан: Оппозициячыл партия президенттик кеңештен чыкты


Ислам кайра жаралуу партиясы- февралда болгон парламенттик шайлоонун калыс өтпөгөнүнө нааразылык иретинде-президент башындагы Коомдук кеңештен чыкты. Партиянын өкүлү Хикматулло Сайфуллозода анын себеби тууралуу:

–Талаптардын бири шайлоодогу тартип бузууларды териштирүү жана Дүйшөмбү шаарында кайра шайлоо өткөрүү болчу. Талап аткарылбагандан, партия Коомдук кеңештин мүчөсү болуудан баш тартты.

Президент Рахмонов башындагы Коомдук кеңешке өлкөдөгү бардык партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана маданий коомдордун өкүлдөрү кирет.

Кечээ шаршемби күнү Демократтык партия да өз лидери камакка алынганын жана парламенттик шайлоо орой мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, кеңешти таштап кеткен болчу.
Партиянын лидери Махмудрузи Искандаров террорчулук кылды, мыйзамсыз курал алып жүрдү жана өкмөттүк каражатты ысырап кылды деген күнөө менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG