Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

«Мээрим» фондусу мамлекеттик жайларга мыйзамсыз ээ болгон


БИШКЕК. 1995-2000-жылдар аралыгында Кыргызстандагы мамлекеттик бир катар жайлар экс-президенттин жубайы Майрам Акаева башкарган «Мээрим» фондусуна кайтарымсыз берилген. Бул тууралуу Акаевдин үй, мүлкүн териштирип жаткан мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Турсун Турдумамбетов билдирди. Анын айтымында, «Мээрим» фондусунун Оштогу бөлүмүнө Лениндин эстелигинин жанындагы жайлар жана 7,5 миллион сомдук балдар паркы мыйзамга карама-каршы негизде берилген. Ал эми 2002-2004-жылдар ичинде балдардын «Алтын балалык» комплексин курууга мамлекеттик бюджеттен 22 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары фондго бардык облустардын аймагындагы бала бакча, мектептердин имараттары бекер берилген. Комиссиянын айрым маалыматтарын азыр Башкы прокуратура иликтөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG