Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

«Центерра голд» ишканасын түзүү боюнча кылмыш иши ачылды


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Аскар Акаевдин мезгилиндеги кыргыз өкмөтү Канаданын «Камеко» компаниясы менен «Центерра голд» биргелешкен ишкана түзгөндүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Центерра голд» ишканасы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевдин 2003-жылдын 31-декабрдагы токтому менен түзүлгөн. Анын негизинде 600 тонна алтыны бар «Кумтөр» кени «Центерра голд» биргелешкен компаниясынын эсебине өткөрүлгөн. Жаңы түзүлгөн ишкана акциясынын жетимиш пайызы Камеко компаниясына, отуз үч пайызы Кыргызстанга тиешелүү экендиги маалымдалган. Жогорку Кеңеш буга чейин аталган келишимдин мыйзамсыздыгы тууралуу үч жолу токтом кабыл алганы менен токтомту Танаев жетектеген өкмөт көңүлгө албай келген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозбек Дүйшеевдин айтмында, мындай келишимдин натыйжасында Кыргызстан кеминде 350 миллион доллар зыян тарткан.

XS
SM
MD
LG