Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Багдадда козголоңчулардын кол салууларынан кеминде 22 киши окко учту


Багдаддан алыс эмес жердеги армияга кабыл алуу борборунда жан кечтинин бомбасынан 13 киши набыт болду. Эртең менен белгисиз бирөөлөр баш калаанын эки башка жеринде полициянын патрулуна кол салышты. Натыйжада 9 офицер мерт кетти.

Кечээ болсо Арбиль шаарында жан кечтинин жарыдыруусу 50 чакты адамдын өмүрүн кыйып, 100гө жакыны жаракат алган.




БУУ Ооганстанда иштеп жаткан гуманитардык кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу камтамачылыгын билдирди.
Жекшембиде Багхлан вилайетинде гуманитардык миссия менен иштеп жүргөн 3 аялдын сөөгү табылган. Алар зордукталып, анан асылган.
БУУнун басма сөз өкүлү Ариан Кентье бул окуя Ооганстанда аялдарга каршы зордук-зомбулук жазасыз калып жаткандыгын далилдейт деди. Бул кылмышка баргандарды Кабул өкмөтү сөзсүз табышы керек, - деп белгиледи Кентье.

XS
SM
MD
LG