Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Буш Путинге Балтиканын оккупациясы тууралуу эскертет


АКШнын президенти Жорж Буш орусиялык кесиптеши менен жоулугушуу учурунда Балтика жумурияттарынын советтик оккупациясы жөнүндө сөз кылаарын айтты.
Буш Москвага Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык салтанаттарга катышуу үчүн чакырылган. Литванын мамлекеттик телевидениесине берген интервьюсунда Буш согуштун аякташы Эстония, Литва жана Латвияга эркиндик алып келбегендигин президент Путинге эскертээрин билдирди.
Анын аралыгында, Латвиянын тышкы иштер министри Артис Пабрикс “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Москваны 9-майды белгилөө үчүн дүйнөдөгү эң ыңгайсыз шаар деп эсептээрин айтты:

- Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 60 жылдыгын белгилөө үчүн 9-майда Орусияда чогулуп жатканы мен үчүн түшүнүксүз.

Буга чейин орус өкмөтүнүн расмий өкүлү Сергей Ястржембский Советтер Союзу Балтика мамлекеттерин оккупациялаган эмес деп билдирген.
Ястржембскийдин айтымында, Балтика өлкөлөрүнүн ошол кездеги өкмөттөрү менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн.

“Орусия менен жакшы мамиледе болууну каалагандар тарыхты талдоону адистер менен эксперттерге калтырышы керек”, - деди Ястржембский.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги да атайын билдирүү жасап, Латвия, Литва жана Эстония Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Советтер Союзу тарабын оккупацияланган деген комментарийлерге тынчсызданганын белгиледи.
СССР менен Балтика мамлекеттери бири бирине каршы согушкан эмес, андыктан советтик аскерлердин алардын аймагына кириши ошол өкмөттөрдүн макулдугу менен ишке ашырылган, - делинет билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG