Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН АЧКАЧЫЛЫГЫ УЛАНУУДА


Аманбек Жапаров,Бишкек 4-майда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов темир жол башкармалыгынын ачкачылык жарыялаган жумушчулары менен жолугушуп, алар койгон талапты президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин өзүнө айта тургандыгын билдирди

Кыргызстандын темир жол башкармалыгынын 21 жумушчусу 26-апрелден бери ачкалык жарыялап олтурушат. Алардын бирөөсүнүн акыбалы начарлап 5-майда ооруканага жеткирилди. Бир келин үй шартына байланыштуу ачкачылыгын токтотту. Ачкачылык жарыялагандар менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов 4-майда жолугушту. Жумушчулар темир жол башкармалыгынын жетекчиси Нариман Тулеевди кызматтан кетирүүнү, анын ордуна башка кесипкөй адисти дайындоону жана жалпы тармактын көйгөйүнө өкмөттүн көңүл буруусун талап кылышты.

Алардын койгон төрт талабы менен Темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошунун төрагасы Эрнис Докенов тааныштырды:

-Биздин биринчи талабыбыз- темир жол башкармасынын жетекчиси Нариман Тулеевге ишеним жоктуганан, аны кызматтан кетирүүнү, экинчиси- башкы инженер Захаровду башкармалыкка убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучулукка дайындоо. Мындан сырткары 2001-жылы жумуштан четтетилген мыкты адис Арген Малабаевди башкармалыкка кызматка алуу жана темир жолдун жаңы башчысын дайындоо.

Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов ачкачылык жарыялаган жумушчулардын талаптарын угуп болгон соң, мындай жагдайларга токтолду:

-Мен бардык талаптарыңарды уктум. Биринчиден денсоолугуңарды карагыла. Денсоолук керек. Мага жанагы сиздер айткан мыйзам бузууларга жол берилген фактылар тиркелген документиңерди бергиле. Мен Курманбек Бакиев менен жеке жолугушуумда сиздердин маселе боюнча толук маалымат берип, Транспорт жана коммуникация министри жана башка тиешелүү жетекчилер менен бул маселени талкуулап, анан сиздерге жыйынтыгын билдирем.

Жумушчулар темир жол башкармалыгындагы финансылык мыйзам бузуулар бар деп, ага байланыштуу документтер топтомун Керимкуловго тапшырышты.
Бирок аларга ушул эле Темир жол башкармалыгында иштеген 50 чакты жумушчу каршы экен. Алардын катарында мекеменин профсоюз комитетинин өкүлдөрү да бар. Бул жумушчулар ачкачылык жарыялаган кесиптештеринин мындай аракеттерине каршы пикирлерин билдиришти. Профсоюз комитетинин жетекчиси Роберт Мазитов Медетбек Керимкуловго өздөрүнүн талаптарын айтып, буларга токтолду:

- Биз темир жолчулар булардын мындай аракеттерин колдобойбуз. Темир жол башкармалыгынын жетекчисин премьер-министр дайындайт. Бул оңой-олтоң кызмат эмес. Жооптуу чоң кызмат.

Темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошуунун төрагасы Эрнис Докенов 2000-жылы Роберт Мазитовдун кызматтан четтетилгендиги тууралуу справканы көрсөттү. Анда Мазитов финансылык тартип бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулгандыгы көргөзүлгөн.

Эрнис Докеновдун пикиринде, нааразылык билдиргендерди жаманатты кылыш үчүн Нариман Тулеев мындай аракеттерди атайын уюштуруп жатат жана андан эч бир майнап чыкпайт. Аталган башкармалыктын атын атабаган кызматкери бул жерге келгендердин көпчүлүгүн администрация күчтөп жөнөткөнүн билдирди.

Ачкачылык жарыялагандардын бири Гүлгүн Жекенова денсоолугу начарлап кеткенин, ооруканага жатканга каражаты жоктугунан дарылануудан баш тартканын билдирди:

- Ооруканага алып барышты. Дарылануу үчүн 1500 сом төлөш керек экен. Менде андай акча жок. Дарылануудан баш тартууга туура келди.

Ал эми үч баланын энеси Гүлнара Керимбаева акыбалы начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты:

- Менин кан басымым көтөрүлүп, акыбалым начарлап баратат. Бирок акыйкаттык үчүн акыр аягына чейин турам.

Ремелис Султаналиев Унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековго нааразылыгын билдирди:

- Ишенбай Кадырбеков министр эмес милиция болуп иштесе жакшы болмок. Бизге келип алып демитип, суроолорду үсөкө-босток берип, бизди оюбуздан адаштырып жатпайбы. Ага ишенбей деле калдык. Ал Түлеевди колдоп атат.

Ишенбай Кадырбеков буга чейин ачкачылык жарыялаган жумушчулар менен жолугушуп, бул иш чараны кандайдыр бир кызыкдар күчтөр уюштурушу мүмкүн деген пикирин билдирген. Нааразылык билдиргендердин бири Ильяс Чиликов эгерде Темир жол башкармалыгынын жетекчилиги алмаштырылбаса өзүн өзү өрттөөрүн айтты:

- Пенсияга чыгарыма эки жыл калды. Темир жол тармагын 96-жылдан бери улам эле бир жетекчи келип талап-тоноп бүтө турган болду. Эгерде биздин койгон талаптар аткарылбаса мен өзүмдү өзүм өрттөйм. Мына булардын көзүнчө дагы бир жолу айтып коеоюн, мен айтканымдан кайтпайм.

Ачкачылык жарыялаган темир жолчулар жаңы өкмөт алардын талаптарын эске алып, чечим чыгарбаса, нааразылык акциясын уланта беришерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG