Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Жолчулар Башкы прокурорго кайрылышты


БИШКЕК. 6-майда «Аалам» гезити аркылуу Бишкек-Ош жолун курууга кошумча жалдамчы катары катышкан кыргызстандык 10 куруучу уюм Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровго кайрылуу жасады. Анда 250 миллион долларлык долбоорду аткарууда мурунку биринчи вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев жана анын орун басарлары, кызматкерлери тарабынан коррупцияга жол берилгендиги айтылып, анын натыйжасында миллиондогон долларлар уурдалып, жол сапатсыз курулду, деп белгиленген. Ошондуктан биздин арызды иликтөөнү өтүнөбүз, деп айтылган кайрылууда.

XS
SM
MD
LG