Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШ президенти Жорж Буш Европадагы сапарын бүгүн Ригада баштаганы турат


Ишембиде ал Балтика боюндагы өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, демократия жана эркиндикке арналган билдирүү жасамакчы. Дүйшөмбүдө Буш Москвада экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 60 жылдыгына арналган салтанатка катышат. Москвада ал 2-дүйнөлүк согуш аяктаган маалда Балтика жумурияттарындагы советтик баскынчылык токтобогонун Путиндин эсине салаарын эскертти. Германиялык телеканал көрсөткөн интервьюсунда Орусиянын президенти 1989-жылы ал кездеги Советтер Союзунун Жогорку Кеңеши Балтика республикаларын СССРдин башкаруусуна өткөрүп берген эл аралык пактты сындаганын эске салып, андыктан Орусия эч кимден кечирим сурабайт деп басым жасады. 9-майда Москвада өтө турган салтанатка Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрейберга айым барат, Литва менен Эстониянын лидерлери Кремлдин чакыруусунан баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG