Маскөөдө кечээ Орусиянын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили атайын билдирүү жасап, Грузия президенти Михаил Саакашвили 9-майда Маскөөдө өтө турган салтанаттарга катышпайт деп жарыялады. Зурабишвилинин айтымында, ага - Грузиядагы орусиялык аскерий базаларды чыгарып кетүү маселеси себеп болууда. 1999-жылы Ыстамбулда өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жолугушуусунда Маскөө ал базаларды чыгарып кетүүгө милдеттенме алган, бирок аны аткара элек жана Зурабишвили Маскөөдө өткөргөн сүйлөшүүлөр дагы жыйынтыксыз аяктады.