Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

АКШ президенти Жорж Буш Латвияга келди


АКШ президенти Жорж Буш кечээ кечинде Латвияга келди, бүгүн ал Рига шаарында Латвия, Литва жана Эстониянын президенттери менен жолугушуу өткөрөт. Ригадан кийин Буш жекшемби күнү Нидерландка келип, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Европада каза болгон америкалык аскерлерди эскерүү жыйынына катышат. Андан соң Буш Маскөөгө барат жана 9-майда башка дүйнө мамлекеттеринин жетекчилери менен кошо жеңиштин 60 жылдыгын майрамдоо салтанаттарында конок болот. Балтик жээгиндеги үч жумурияттын ичинен Орусияга Латвия президенти Вайра Вика-Фрайберга гана келет. Маскөөдөн кийин президент Буш Грузияга барат.

XS
SM
MD
LG