Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия утуп чыкты


5-май күнү Улуу Британияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Тони Блэр жетектеген Лейбористтик партия утуп чыкты жана Блэр эми үчүнчү мөөнөткө премьер болот. Буга чейин бир да лейборист жетекчи удаасы менен үч жолу уткан эмес. Кечээ ханыша Элизабет Экинчи ага жаңы өкмөт түзүүгө тапшырма берди жана ал жолугушуудан кийин Блэр журналисттер менен кездешип, өлкөдөгү абал татаал экендигин моюнга алды: "Ирак маселеси биздин коомду экиге бөлгөнүн мен билем. Ал баарыга түшүнүктүү. Бирок мен башка да нерсени билем. Өткөн шайлоодон кийин эл алдыга жылууну каалайт. Эл Ирактын жана биздин өз өлкөбүздүн келечеги тууралуу ойлонууну каалайт", - деди Блэр. Дүйнө жетекчилери Тони Блэрди куттуктап жатат. Жаңы өкмөттү түзүү иштерине байланыштуу Блэр Маскөөдөгү салтанаттарга келүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG