Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

ОРУСИЯ МЕНЕН КОШ ЖАРАНДУУЛУК КИРГИЗҮҮ МАСЕЛЕСИ КАЙРАДАН КӨТӨРҮЛҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев бир нече күн илгери Конституциялык кеңешме жыйынында сөз сүйлөп, Орусия менен кош жарандуулук киргизүү маселесин көтөрдү. Андан көп өтпөй Орусиянын мамлекеттик думасынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев кыргызстандык маалымат каражатына берген интервьюсунда «Орусия Кыргызстан менен кош жарандуулук киргизүүгө толук даяр” деген пикирин билдирген. Айрым жергиликтүү саясатчылар мындай демилгени колдошсо, айрымдары каршы

Орусия менен кош жарандуулук киргизүү маселеси 1990-жылдарда Баш мыйзамдын алгачкы долбоорун талкуулаган учурда көтөрүлүп, коомчулук тарабынан колдоо таппай калган. Андан бери бул маселе Коммунистер жана башка партиялар тарабынан айтылып келет. Март ыңкылабынан кийин бул маселени президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Конституциялык кеңешме жыйынында кайрадан көтөрдү:

- Урматтуу Конституциялык кеңешменин катышуучулаы, адегенде Орусия менен кош жарандуулук маселесин карап көрүү керек. Бир эле мезгилде бул маселени башка өлкөлөр менен чечүүгө азырынча даяр эмеспиз. Учурда Кыргызстандын беш жүз миңден ашуун атуулу Орусияда жүргөнүн эске алганда бул маселенин чечилиши эң биринчи бизге пайдалуу.
Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жогорудагыдай пикири өлкөдө түрдүү пикирлерди жаратты. Айрым жергиликтүү саясатчылар бул маселенини колдошсо, айрымдары кош жарандуулукту киргизүүгө караманча каршы болушууда:

- Биздин келечек Орусия менен. Анткени ал жакта биздин жети жүз миңден ашуун атуулдар иштеп жатышат. Алардан илимий, техникалык жетишкендиктерди алабыз. Биздеги илим-билимдин өнүгүшү да Орусияга байланыштуу.

Орозбек Дүйшеевдин жогорудагыдай пикирине үндөш оюн «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев билдирди:

- Биздин партия бул маселени колдойт. Анткени Кыргызстанды ушундай абалдан чыгаруу үчүн кош жарандуулук керек. Бул маселе эң башкысы Орусияда иштеп, нан таап жүрүшкөн милллионго жакын атуулдар үчүн керек. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн бир топ жеңилдиктерди берет.

Ошол эле учурда айрым саясатчылар кош жарандуулукту киргизүүгө каршы болушууда. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун жүйөсү төмөндөгүчө:

- Кош жарандуулукка мен толугу менен каршымын. Кош жарандуулук патриоттук сезимди төмөндөтөт. Баш аламандык башталат. Атуулдар качан Кыргызстанда жакшы болсо бул жерде, Орусияда жакшы болсо ал жакка кете беришет. Ошондуктан бул таптакыр туура эмес.

«Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев да ушундай эле пикирде:

- Менин оюмча бул кереги жок нерсе. Себеби мен Кыргызстан менин жападан жалгыз Ата Мекеним деген атуулдар менен болгум келет. Экинчиден, эгерде кылмыш же тигиндей-мындай болсо, Орусияга качып кетүү күчөйт. Кылмыштуулук кулач жаят. Дегеле, бул жаман натыйжаларды алып келиши ыктымал.

Айтор соңку убакта бул маселе коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Жогоруда айтылгандай, калк арасынан кош жарандуулукту колдогондорду жана каршы болгондорду арбын кездештирүүгө болот. Ошол эле мезгилде Кыргызстан тарап кош жарандуулук деп канча далбас урса деле эгерде Орусия бул маселени колдобосо, айтылган демилге сөз бойдон калары бышык. Белгилей кетүүчү нерсе, Орусия думасынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев «Акипресс» маалымат агенттигине 5-майда берген интервьюсунда Орусия бул маселени чечүүгө даяр деген оюн билдирген. Орусия думасында 450 депутат бар экендигин эске алганда, комитет жетекчисинин мындай пикирин аталган өлкөнүн башка депутаттары жана аткаруу бийлиги тарабынан колдоо табышы да күмөн.

XS
SM
MD
LG