Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

7- МАЙ -- РАДИО КҮНҮ


Мындан 110 жыл мурун 7-майда орус физиги жана электортехник Александр Попов дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган. Мына ошол күндөн баштап 7-май-радио күнү катары белгиленип келет.

7-май - Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында орустун физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылат.
Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Ал кезде кыргыз радиосунда 10 чакты гана диктор иштечү.

1958-жылдан тарта кыргыз радиосунда 40 жыл кызмат өтөгөн ардагер-журналист Азиз Исмаилов кыргыз радиосунун алгачкы жылдардагы ишмердиги тууралуу буларды айтты:

- Радиодо иштеп баштаганда 21 жашта элем. Азыр пенсиядамын. Ош шаарына радио дикторлукту баштадым. Баш аягы радио-телевидениеден 40 жылдан ашуун иштедим. Ал убакта тематика эмес, туш келген программаларды алып барчубуз. Ошол учурда кыргыз радиосунда 24 диктор иштечү. 12си кыргызча алып барса, калган 12си орусча алып барчу.


Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын вице-президенти Кубатбек Талыпов радио - 21-кылымда да негизиги маалымат булагы болуп келатканын белгиледи:

- Радио күнү-бул зымы жок байланышты ачуу күнү. Радио-21 –кылымды маалымат коому деген түшүнүккө алып келди. Эгерде маалымат жок болсо, маалымат жетпесе, эл маңкурт деле болуп калышы мүмкүн. Ошону үчүн бул күндүн мааниси адамзат үчүн өтө чоң. Бүгүнкү күндө радио маалымат алуунун эң арзан жана жеңил жолу.

XS
SM
MD
LG