Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Улуу жеңиштин 60 жылдык мааракесине карата иш чаралар өткөрүлүүдө


БИШКЕК. Өлкөнүн бардык мамлекеттик мекеме ишканаларында Улуу жеңиштин 60 жылдык мааракесине байланыштуу иш чаралар өткөрүлүүдө. Анда согуштун жана тылда эмгектенген ардагерлерге куттуктоолор айтылып, белектер берилди.
7-май күнү Бишкекте Жеңиш аянтында Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдөгү Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерин жеңиш күнү менен куттуктоо аземин өткөрдү. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин, Канттагы авиабазанын жетекчилиги жана Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык ардагерлери Жеңиш аянтындагы түбөлүк отко гүл чамбарларын коюп, согушта курман болгондорду эскеришти. Мындай расмий аземден кийин, Орусиянын элчилиги Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине сый-тамак уюштурду.

Жалпысынан Кыргызстандан Улуу атамекендик согушка 363 миң адам катышкан. Алардын ичинде 130 миңи курман болгон.

XS
SM
MD
LG