Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Авторитаризм жана коррупция А. Акаевдин түбүнө жетти


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин кызматынан четтетилишинин себеби авторитаризм менен коррупция болду. Бул жөнүндө Эл аралык кризистик тобунун отчетунда айтылгандыгы тууралуу «Кабар» маалымат агентттиги жазып чыкты. Отчетто белгиленгендей, Аскар Акаев бийликти өзүнүн жана айланасындагы адамдардын колуна топтоп алып, өлкөдө коррупциянын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Акаев өзү бир нече ирет айткандай, коррупция жогорку бийликке чейин жетип, криминал өзүнө караштуу адамдарды бийлик органдарына жайгаштыра баштаган. Эл аралык уюмдун отчетунда ошондой эле Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн башчылыгындагы жан жөөкөрлөрүнө трагедиялуу Аксы окуясы да таасирин тийгизе алган жок. Алар мамлекеттик мүлктү өз менчиги катары пайдаланып, кызмат орундарын сатууну өнөкөткө айлантышкан. Эл аралык кризистик тобунун пикиринде, жаңы саясий лидерлер өлкөдө саясий жана коомдук реформаларды жүргүзүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG