БИШКЕК. “Курманбек Осмонов жана парламенттин айрым депутаттары от менен ойноп, бизди опуртал кадамдарга түртүп атат”. Жогорку сотту ээлеп алган пикетчилер 8- майда Азаттыкка ушинтип билдиришти. Пикетчилер билдиргенге караганда, 12- майда парламенттин алдында Жогорку соттун отставкасын талап кылган чоң митинг болот. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү жөнүндө 25- апрелде берген арызын парламент дал ошол күнү караары күтүлүүдө. Жогорку Кеңеш 30- апрелде убактылуу өкмөт Жогорку соттун имаратын бошотуп, судьялардын ишин камсыз кылсын деген токтом кабыл алган. Жогорку соттун ичиндеги 300гө чукул шайлоочу имаратка 22- апрелде кирип алышкан.