БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 8-майда Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн бейформал саммитине катышты. Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттин маалымат кызматы кабарлаганга караганда, бул жолугушууда эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болду. Улуу жеңиштин 60 жылдыгына арналган Москвадагы салтанатка келген БУУнун башкы катчысы Коффи Аннандын убактысынын тардыгына байланыштуу аны менен күтүлгөн Курманбек Бакиевдин жолугушуусу болбой калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен мурда кабарланган жолугушуусу америкалык делегациянын Москвадан Грузияга шашылыш жөнөөрүнө байланыштуу болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Роза Отунбаева 8- майда билдирди.