Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

ЕВРОПАДА ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ АЯКТАШЫНЫН АЛТЫМЫШ ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Европада бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын алтымыш жылдыгын белгилөөгө арналган расмий да, бейрасмий да иш чаралар өттү. АКШнын президенти Жорж Буш ушул максатта Голландиянын Маастрихт шаарынын жанындагы эскерүү иш чарасына катышып, Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда курман болгон америкалык, европалык аскерлердин арбагына таазим этти. Парижде аскерий парад өтсө, Берлинде оңчул экстремизмге, рассизмге каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

АКШнын президенти Жорж Буштун катышуусундагы эскерүү иш чарасы Голландиянын Маастрихт шаарынын жанындагы Маргратен деп аталган аскерий көрүстөн менен мемориалда болду. Бул жерде Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда курман болгон сегиз миңден ашуун америкалык аскердин сөөгү коюлган. Голланд канышасы Беатрикс, премьер- министри Жан Петер Балкененде менен чогуу келген Буш андагы сөзүн мындайча баштады:

-Майдын бул тынч күнү биз улуу Жеңишти белгилеп жатабыз. Миңдеген ак мрамор кресттер менен Давиддин жылдыздары бул Жеңиш үчүн биз кандай коркунучтуу кун төлөгөнүбүздү эске салууда.

Мунун алдында голланд жаштары менен болгон тегерек стол жыйынында АКШнын президенти Экинчи дүйнөлүк согуштун сабагы эң кеминде "демократиянын жайылышы менен Европа толугу менен эркиндикке жана тынчтыкка жеткендиги" экендигин белгилеген.

Голландияга чейин Жорж Буш Латвияга барып, ал жерде сүйлөгөн сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы менен Балтика өлкөлөрүндө оккупация жана коммунисттик тирания башталганын айткан эле. Согуштун соңунан мурдагы Советтер союзунун Борбордук жана Чыгыш Европада дээрлик жарым кылым үстөмдүк кылышын Буш тарыхтын "эң ири жамандыгы" деп атаган:

-Жеңиштин алтымыш жылдыгын белгилеп жатып, тарыхтын парадоксу жөнүндө унутпоо керек. Жеңилген Германиянын бысымдуу бөлүгү эркиндик алды. Ал эми Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү үчүн жеңиш башка империянын катаал бийлигин алып келди. Жеңиш күнү Европада фашизмдин аякташын билдирген, бирок эзүүчүлүктүн аякташын эмес. Чыгыш жана Борбордук Европанын миллиондогон адамдары кабылган эрксиздик адамзаттын тарыхындагы эң ири күнөө катары эсте калат.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы менен байланышкан иш чаралар Европанын башка өлкөлөрүндө да өттү. Маселен 8- Май - Демократия күнү катары эсептелген Германияда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы расмий жана бейрасмий иш чаралар менен белгиленди. Бул күнү немец парламенти - Бундестагдын кош палатасынын жыйыны өттү. Ал эми Берлиндеги Бранденбург дарбазасына 10 миңдей адам жыйналып, өлкөдөгү таанымал саясатчылар сөз сүйлөштү. Өткөн түнү да ушул эле Бранденбург дарбазасына шам күйгүзгөн миңдеген адамдар согушка, нацизмге, оңчул экстремизмге каршылык билдирүү максатында чогулушкан эле. Алардын бири Ханс Урлих Перелс мындай дейт:

-Мен биз ушул күнү, өзгөчө Германияда гитлердик режимдин он эки жылында эмне болгонун эскеришибиз өтө маанилүү деп эсептейм. Биз анда эмне болгонун кайра, кайра эскеришибиз керек. Сиз бул жерден Холокостун курмандыктарынын сүрөттөрүн көрө аласыз. Мындайга келчекте жол бербөө абзел.

Жекшембиде немец полициясы ошондой эле ашынган улутчулдар жана фашизмге каршылардын кагылышуусуна жол берген жок. Берлиндин көчөлөрүнүн бирине бир тараптан 3 миңдей, экинчи тараптан 5 миңдей адам жыйналган болчу.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын алтымыш жылдыгына арналган салтанат президент Жак Ширактын катышуусу менен бүгүн француз башкалаасы Парижде да болду.

Ал эми Орусия башкааласы Москва 9- майда, Кызыл Аянтта өтүүчү аскерий парад менен салтанатка даярданып жатат. Ага АКШнын президенти Жорж Буштун да катышуусу мурдагы Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңүүдөгү эбейгесиз салымын алдыңкы планга чыгармакчы. Бирок АКШнын президенти өз иш сапарын орусиялык жетекчиликти демократияны колдоого ынандыруу максатында да пайдаланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG