Нацисттик Германиянын жеңилгенинин 60 жылдыгын белгилөө Берлинде тынч өтүүсү үчүн немец полициясы катуу чараларды көрдү. Полициясы оңчулдар менен антифашисттердин кагылышын болтурбоо үчүн Берлиндин ортолук бөлүгүн жапты. Полиция Александрплас аянтында 3000дей оңчулду курчоого алып, чукул жерде чогулган 5000 чамалуу антифашисттерге жолоткон жок. Бранденбург аянтында “Демократия күнү” чоң шаан-шөкөттөр менен белгиленип, ага саясый партиялардын жетекчилери жана 10 миңдей көрарман катышты.