Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Жорж Буш менен Владимир Путин жолугушту


Ж.Буш Россияга Улуу жеңиштин 60 жылдыгына арналып өткөрүлчү салтанатка катышуу үчүн келген. Жолугушуу кечээ күнү В.Путиндин Москванын четиндеги дачасында жабык эшик артында өттү. Путин сүрөткө түшүү каадасы маалында АКШ президентинин визити “өтө баалуу” экенине токтолуп, эки өлкө арасындагы “кызматташуунун масштабы ченемсиз чоң” деди. Буш өз кезегинде дүйнө “россиялыктар нацизимди жеңүүдө чоң баатырдык жана каармандык жасаганын” таанучу мезгил келгенин айтты.

Жорж Буш жекшемби күнү түшкө чейин Нидерландиянын Маргратен шаарындагы америкалык бейитте болуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүн 60 жылдыгын белгилөө салтанатына катышты. Буш ал жердеги сөзүндө:

–Майдын тынч таңында биз эркиндик үчүн болгон күрөштүн улуу жеңишин белгилеп жатабыз. Миңдеген ак мрамор кресттер жана Давиддин жылдызы биз жеңиш үчүн төлөгөн кымбат баанын белгилери.

XS
SM
MD
LG