Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕР


9-майда Бишкекте Улуу жеңиштин 60 жылдыгына карата бир катар мелдештер өткөрүлдү. Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган грек- рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Согуштун баатыры Самат Садыковдун байгесине арналып, дайыма өтүп келген Лейлек күрөшү жана жеңил атлетикалык жарыштар да болду.

Иван Панфиловдун жаркын элесине арналып, 45-жолу өткөрүлгөн грек- рим күрөшү турниринде Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын 120 балбаны күч сынашты. Эң жеңил салмакта олимпиадалык резерв окуу жайынын жаш балбаны Замир Бейшенбеков утуп чыкты. Жеңил салмакта Бишкектеги “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

60 кг. салмакта бишкектик Руслан Тиленбаев баш байгенин ээси болду. Ал эми 66 кг. салмактагы Динарбек Асылбек уулу “мелдештин мыкты балбаны” сыйлыгына арзыды. Афина олимпиадасынын катышуучулары Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев былтыркы жеңиштерин бекемдеп койду. 96 кг. салмакта Бишкектеги 5- спорт мектебинин өкүлү Азат Эркинбаев, 100 кг. салмакта бишкектик Ильяз Сыдыков генерал Иван Панфиловдун турниринин жеңүүчүсү аталды.

Атамекендик согуштун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган Лейлек күрөшү боюнча мелдеш быйыл отузунчу ирет өткөрүлүп, 200дөн ашуун балбан мөрөй талашты. 75 кг. салмакка чейинки балбандардын таймашында лейлектик Бостон Кыштыбаев бардык атаандаштарын таза жеңип, биринчи орунду ээледи. Мелдештин башкы калысы Абакир Ырысов баш байгеге “ВМW” үлгүсүндөгү автомашина коюлганын айтып, таймашуу курч мүнөздө болгонуна токтолду:

- Айтмакчы, чынында бул жолу да Лейлектен келген балбандар айырмаланышты. Жыл өткөн сайын бул турнирдин деңгээли жогорулап баратат. Эл аралык деңгээлде таймаш өткөрүү тажрыйбасы топтолду. Быйылкы мелдеш абдан курч мүнөздө өттү. Атаандаштар дагы жакшы даярдык менен келиптир.

9- Майда Бишкектеги Кыргыз техникалык Университетинин стадионунда Жеңиш күнүнө арналган жеңил атлетикалык жарыштар болду. Үч миң метрге жарышта студент Петр Чигринцев марага озуп келди.

Алты миң метрге чуркоодо баш байгени утуп алган Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Рыскелди Мусаев мелдештин тарбиялык мааниси тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

- Быйылкы мелдеш жакшы деңгээлде өттү. Байгелери да дурус болду. Максат- Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, Атажуртун сүйгөн атуулдарды тарбиялоо.

Жеңиштин 60 жылдыгына карата өлкөнүн улуттук олимпиада комитети баскетбол, чоң теннис, үстөл тенниси, спорттук бий, эркин жана грек- рим күрөшү жана жеңил атлетика боюнча мелдештерди уюштурду. Ушул мелдештерди өткөрүүнүн демилгечиси, өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев мөрөй талашуулар жаштарды мекенин сүйүүгө үгүттөп, ден соолукка өбөлгө болоорун айтты:

- Олимпиадалык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Афина олимпиадасы Кыргыз спортунун ал- абалын таразалап койгон. Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик жогорулайт. Эгерде биздин жаштарга жакшы шарт түзүлсө, ийгиликтерге жетүүгө болоорун мелдештер көрсөттү. Кыргыз жаштарын патриоттуулукка үгүттөө максатында көп мелдеш уюштурдук. Өлкөдө спортко көңүл бурулса, жаштардын келечеги болот.

Жеңиш майрамына арналган тогуз миң метрге жарышта Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти Игорь Кузнецов биринчи орунду ээлдеди. Ал эми жарым марафондук жарышка казакстандык жөө күлүктөр да катышты. Мында бишкектик аскер кызматкери Артем Тетенкин озуп чыкты. Марафондук 42 км. 195 метр аралыкка 20 жөө күлүк чуркап, Кыргыз дене тарбия академиясынын өкүлү Айбек Жапаркулов жеңүүчү деп табылып, өлкөнүн чемпиону аталды. Мелдешке катышкан Атамекендик согуштун ардагерлери Михаил Юркин, Николай Воропаев, Геннадий Третьякка баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле 9- май күнү Бишектеги “Аккула” атмайданында аламан байге баштаган ат оюндары, көкбөрү мелдеши да өткөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG