Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 60 ЖЫЛ


9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгы белгиленди. Ага өкмөт өкүлдөрү, согуштун жана оорукта эмгектенген ардагерлер, Ооган, Баткен согушунун катышуучулары, шаар тургундары катышты.

Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 60 жылдык мааракеси Жеңиш аянтындагы эстеликке гүл чамбар коюу менен башталды.

Жеңиш күнүн 60 жылдыгына арналган мааракени Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ачты:

-Урматтуу согуштун жана ооруктун ардагерлери. Сиздерди Улуу жеңиштин 60 жылдык мааракеси менен куттуктаймын.

Исаков Советтер Биримдигинин куралдуу күчтөрүнүн эрдигинин, көп улуттун биримдигинин аркасында фашизм жеңилгендигин белгиледи. Ал Мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгуловго сөз берди:

-Урматтуу ардагерлер! Бул жеңиш оңой-олтоң эле келе койгон жок. Бул үчүн миллиондогон бейкүнөө адамдардын жаны кыйылган.

Дастан Сарыгулов ардагерлердин согушта көрсөткөн баатырдыгы, ооруктагылардын эмгеги фашизмден дүйнөлүк цивилизацияны, Ата Мекенди сактап калгандыгын белгиледи. Өлкөдөгү март ыңкылабынан кийин өлкөдө ар тараптуу өнүгүү болоорун билдирди:

- 24-марттагы ишке ашкан ыңкылап адеп ахлак, руханий жана экономикалык өсүштөргө алгачкы кадамын жасады.

Андан соң согушта набыт болгондорду эскерип бир мүнөт үнсүз турушуп, мылтыктардан асманга ок атылды.

Ардагерлердин атынан согуштун жана эмгектин ардагери Кайып Оторбаев сөз сүйлөп, жер жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда тынчтык болуусун тиледи.
Жаш жоокерлердин атынан Шекербек Турдалиев мындай деди:

- Бизге тынчтык, ачык асман тартуулаган аталарыбызга тизе бүгүп таазим этебиз.Кандуу согуш жылдарында сиздер көрсөткөн эрдик, кайраттуулук биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп Мекен бейпилдигин коргоого шыктандырат.

Жеңиштин 60 жылдыгына арналган эстафета республиканын баардык област райондорунда болуп, жеңиштин желекчеси жетекчилерге тапшырылды.

Алып баруучу: -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгуловго жеңиштин 60 жылдыгына арналган эстафетанын жеңиш желекчеси Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу,премьер-министр Курманбек Бакиевге өткөрүп берүү үчүн тапшырылат.

Жеңиштин урматына өткөрүлгөн майрамдык салтанат Бишкек шаардык аскер гарнизонунун аскердик парады менен аяктады.

Мааракеге келген Бишкек шаарынын тургуну, бир нече орден медалдардын ээси, согуштун ардагери Сатар Молдобаев жеңишти Чехиянын Брно шаарында тосконун мындайча эскерди:

- Согушка 1942-жылдын башында, 4-гвардиялык казак корпусу менен кирдим. Үч жолу жарадар болдум. Жеңишти Чехиянын борбору Прагадан 60 чакырым бери Брно деген шаар бар, ошол жерден тостум. Таңга маал согуш бүттү деп айтышты. Сүйүнгөнүбүздөн баарыбыз колубуздагы курал менен жарым сааттан ашуун асманга ок атып турдук.

Согуштун жана эмгектин ардагери Вера Степанова, жеңишти Кенгсберг шаарында тосконун, колуна курал алып фашисттер менен бир нече ирет бетме-бет согушканын, ал кызмат кылган учкучтар бөлүгүндө кээ бир учурда согуштук тапшырма менен кеткен 5-6 согуш учагы кайтпай калганын эскерди.

Ал эми Талас облусунан келген Турна Койбагарова жеңиш үчүн оорукта эмгектенгенин мындайча эскерди:

- Мен согуш маалында 15-16-жаштагы бойго жеткен кыз элем. Айылда баардык оор жумуштун баарын аялдар, балдар аткардык. Кыш маалында ийик менен жип ийрип, согушта жүргөн акелерибизге байпак, кол кап түйдүк. Ачкабыздан машак терип жеген күндөр болду. Эми айланайын жер жүзүндө, Кыргызстанда тынчтык болсун. Биз көргөн тозокту силер көрбөгүлө.

Согуштун жана оорукта эмгектенген ардагерлер үчүн Бишкек шаардык мэриясы сый тамак уюштуруп, концерт тартуулады.

XS
SM
MD
LG