Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Дүйнөлүк Банк Акаевдин мүлкүн көз карандысыз комиссия текшеришин жактайт


БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк мурдагы президент Аскар Акаевдин үй бүлөсүнө таандык деп саналган мүлктү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандын инвестициялык жагдайына таасир этеби деп кабатырланып жатат. Мындай пикирин «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс билдирди. Анын пикиринде, өкмөттүк комиссия саясий тарап болгондуктан, акыйкаттык менен айкындыкты толук камсыздоо үчүн бул ишти сот эксперттеринин же Эл аралык ишкер кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда толук көз карандысыз текшерүү жөндүү болмок. Лавлейс ошондой эле кадр саясатына байланышкан суроого жооп берип жатып, бир жыл мурда кабыл алынган «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамды, мамлекеттик кызмат боюнча агенттикти, сот реформасын жактаарын билдирди. Лавлейстин айтымында, Кыргызстан коррупцияга каршы күрөш боюнча талаптарды аткарбаса Дүйнөлүк Банк кредиттин экинчи, үчүнчү траншын убактылуу токтотууга мажбур болот. Дүйнөлүк Банк мамлекеттик сектордун структурасын кайра түзүү үчүн 5 миллион доллар бөлгөн. Кийинкилерине 15 миллион доллар бөлүнөөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG