Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Ооганстандагы мунапыс талибдердин лидерине да жайылтылат


Ооганстандагы элдешүү комиссиясынын башчысы Сибхатулла Муджаддединин бүгүнкү жарыясына караганда, Талибандын жана башка куралдуу топтордун согушкерлерине сунуш кылынган мунапыс талибдердин лидери Молдо Оморго жана согушкерлердин дагы бир жолбашчысы Гүлбеддин Хекметиярга да жайылтылат. Ал белгилегендей, мунапыс алуучулар ооган президенти Хамид Карзайдын бийлигин жана өлкөнүн жаңы Конституциясын таанышы керек. Президент Хамид Карзай мунапысты былтыр жарыялаган.

Ал эми Ооганстандагы соңку уруштан эки америкалык аскер, 20дай согушкер каза тапты. АКШ армиясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, беш саатка созулган уруш Лагман провинциясында козголоңчулардын тобу байкалган соң башталган.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG