Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Иракта 70тен ашуун козголоңчу жок кылынды


Өлкөнүн батыш тарабында америкалык аскерлер өткөргөн операция учурунда 75тей согушкер жок кылынган. Сирия менен чектеш Анбар провинциясында, чет элдик согушкерлер башпаанеги катары эсептелген чөлдүү аймакта өткөрүлгөн операцияга учактар да колдоо көргөзгөн. Ал эми башкалаа Багдаддын ал-Рашид районунда Ирактын коопсуздук күчтөрү соңку үч күндө козголоңчу деп шектелген 154 адамды камакка алган. Багдадда бүгүн жанкечти айдаган автоунаанын жарылуусунан 4 ирактык каза тапты. Алардын экөөсү полицей. Мунун аралыгында бүгүн Ирактын жаңы өкмөтү кайрадан экинчи жолу ант берди. Анттын мазмунунда бул саам күрд лидерлеринин талабы боюнча федерализм жөнүндө эскерилди.

XS
SM
MD
LG