Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Экинчи дүйнөлүк согуштун Европада аякташына арналган салтанаттын Москвада өтүшүн сынга алгандар да бар


Мындай мазмуундагы ачык кат бүгүн британдык "Financial Times" гезитинде жарыяланган. Ага кол койгондор Европада Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын алтымыш жылдыгын белгилөө үчүн Москва шаары тандалып алынганын айыпташкан. Кат ээлеринин арасында совет доорунун диссиденти Е. Боннер, Литванын постсоветтик биринчи президенти В. Ландсбергис, саясатчылар, мурдагы дипломаттар бар. Катта азыр Орусияда атуулдук, саясий эркиндиктер жаатындагы жагдай, демократиялык институттардын абалы өтө начар экени айтылган. Кат ээлери Москвадагы салтанатка келген, америкалык, европалык өкүлдөрдү Орусия демократиянын принциптеринен тая баштаганына тынчыздануу билдирүүгө чакырган. Ал эми АКШнын Москвадагы салтанатка катышкан президенти Жорж Буш бүгүн орусиялык укук коргоочулар менен жолугушту. Жолугушууга катышкандардын бири, Хельсинки федерациясынын Орусиядагы бөлүмүнүн башчысы Людмила Алексееванын айтымында, Буш Орусиянын атуулдук коомуна жардам көргөзүүнү убада кылды.

XS
SM
MD
LG