Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстан алган жардамдар кандай пайдалангандыгы териштирилет


БИШКЕК. Кыргызстан 1993-2005-жылдардын аралыгында алган тышкы карыз, жардамдын бүткүл көлөмү кандай жолдор менен иштетилгенин текшерүү, анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссия ушул аптанын аягында өз ишин баштайт. Мындай ишти жүргүзүү тууралуу жардыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 3-майда кол койгон. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, Башкы прокуратуранын, каржы министрлигинин, эсептөө палатасынын, Улуттук банктын, экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин, маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирди. Жардыкта айтылгандай комиссиянын төрагасы зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын адистерин, ишканалардын жетекчилерин комиссиянын ишинин учурунда пайда болгон маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укуктуу. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 11-майда билдиришти.

XS
SM
MD
LG