Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Бакайатадагы кайра шайлоону өткөрүү опурталдуу


БИШКЕК. Талас облусундагы Бакайата округунда кайрадан добуш берүүнүн уюштурулушу жаңы башаламандыктарга алып келиши ыктымал. Бул тууралуу 11-майда Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «АКИпресс» маалымат агенттигинде билдирди. Жакында Омбудсмен Талас облусунда болгон учурда аталган округдан депутаттыкка талапкерлер Равшан Жээнбеков жана Жусуп Иманалиевдин жактоочулары менен жолуккан. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, эки тараптын өкүлдөрү шайлоо учурунда чоң кагылышуу болуп кетишинин ыктымалдыгы тууралуу маалымдашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо Бакайата округунда кырдаал жөнгө салынмайынча, аймактагы 15 шайлоо участкасында кайра добуш берүү өткөрүлбөйт деген токтомун 10-майда кабыл алды. Буга чейин Жогорку сот бул аймактан талапкерлигин көрсөткөн Равшан Жээнбековдун арызынын негизинде Бакайата округунда кайра добуш берүү өткөрүлсүн деген чечимин чыгарган. Азырынча округдан шайлоодо жеңип чыккан Жусуп Иманалиев парламентте депутаттык милдетин аткарууда.

XS
SM
MD
LG