Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

ЖАЛАЛАБАТТА “ХИЗБ-УТ-ТАХРИРГЕ” ТИЕШЕЛҮҮ АДАБИЯТТАР ТАБЫЛДЫ


Жалалабат шаарында Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» партиясына тиешелүү ири өлчөмдөгү адабияттар табылган. Облустун башкы чекисти Марат Иманкулов жашыруун партия өз катарына мектеп окуучулары менен билимсиз жана жумушсуз адамдарды тарта баштаганын билдирди. Партиянын өкүлдөрү адамдарды Кудайдын мыйзамы менен жашоого үйрөтүп жаткандыгын айтышты.

Облустук Улуттук коопсуздук башкармасынын башчысы Марат Иманкулов маалымат жыйын өткөрүп, өткөн аптада табылган «Хизб-ут-тахрир» партиясына тиешелүү адабияттардын чоң бөлүгүн көрсөттү. Анын билдирүүсү боюнча Борбор Азия аймагында Ислам халифатын курууну көздөгөн партиянын адабияттарын көбөйтүп басып чыгаруучу жабдуусу жаңы чыгарылган, али таркатыла элек 2700дөн ашык китепче, журнал, баракчалары менен колго түшүрүлдү:

- «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөсүнүн үйүндө кичи типография орнотулган экен. Ошол жерде “Хизб-ут тахрирчилердин” брошюлары, китепчелери жана листовкалары басылчу экен.

Жалалабат шаарындагы бир үй-бүлөдөгү окуяга байланыштуу кылмыш кодексинин 297-299-беренесине ылайык тергөө жүрүүдө. Марат Иманкуловдун баасы боюнча катарына билимсиз, жумушсуз жаштар менен окуучуларды тарта баштаган жашыруун уюмдун өкүлдөрү өлкөдөгү ынкылаптык жагдайдан пайдаланып калгысы келди окшойт:

- Көбүнчө билимсиз балдар, 7-8-клааста окуган окуучу балдарды да уюмга алганга аракет кылып атышат. Аларды алып барып өздөрүнүн китептерин окутуп, алардан ант ичем деп ант жаздырып алып атышат. Ошол балдардын тагдыры эмне болот. Азыр ыңкылап болуп, элдердин, бийликтегилердин бардыгы башка иш менен алек болуп атышат. Ушул учурдан пайдаланып, китепчелерди тарата коебуз деген максат кылган окшойт.

Шаардын тургуну Нурлан Нышановдун ою боюнча «Хизб-ут тахрир» партиясынын жашыруун иштеп атканы түшүнүксүз:

- Булар өздөрүнүн ишин жүргүзүп атат. Бирок эмне үчүн жашыруун, ачык эле чыгып элге ыйман таркатса менимче эч ким каршы болмок эмес.

Өлкөдө тыюу салынган уюмдун мүчөсү Бактыяр Жумабаев кудайдын мыйзамы менен жашаганда гана мусулман балдары тең укукта болуп, уруш-жаңжал, паракорлук тыйылаарын айтты:

- Алар бизден коркпосун. Биз бийликти талашкан жокбуз. Биз бийликчи эмеспиз, мусулман болгондон кийин Кудайдын жолунда болсун деп атабыз. Уруштар, паракорчулук болбойт, оору жок болот, тынчтык болот Кудайдын кулуну болсо.

Анын партиялашы Абдыкарим Тогбаевдин пикиринде, уюм - элди тынчтыкка, улут бөлбөөгө чакырат:

- Элдин бардыгын тынчтыкка, милдетчилик болбосуна, Ислам болсо жакшы болот эле деп адамдарды чакырып атабыз. Бул биздин пикирибиз.

Саясат таануучу Жеңиш Дүйшеевдин оюна караганда уюмга киргендерди маданий иш-чаралар жана спорт менен алагды кылып, таасирдүүлүгүн азайтса болот:

- Массалык түрдөгү хизбутчулардын аймактырына мисалы спорт сарайы сыяктуу маданий борборлорду куруш керек. Ошону менен булдардын багытын башка жака өзгөртсө болот.

Облустук ички иштер башкармасы «Хизб-ут-тахрир» партиясынын жыл башынан бери он мүчөсү кармалганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG