Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТТАР АЛДЫДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАЙДЫГЕР МАМИЛЕДЕБИ?


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого 2 айдан азыраак убакыт калды. Ушул тапта көптөгөн кыргызстандыктар чет-өлкөлөргө чыгып, иш издөөгө мажбур болуп жатышкандыктан алардын шайлоого катышуу мүмкүмчүлүгү болобу-жокпу деген суроо кызуу талкууну жаратууда. Орусиядагы шаарлардын бири, Ростовдо, жашаган эки миңдей кыргызстандык атуул алдыдагы президенттик шайлоого катышууга кызыкдар эмес дейт ростовдук кыргыз диаспорасынын өкүлү. Мына ушундай эле коркунуч 5 миңге жакын кыргызстандык мигрант жашаган Самара шаарында да бар.

Жалпысынан Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү базарларда жана курулуш фирмаларында иштейт. Мисалы, өлкөнүн түндүк бөлүктөрүндө базардан көрө тамдарды куруп жүргөн мигранттар көбүрөөк болсо, түштүк тараптагы Самара, Ростов, Краснодар жана башка шаарларда, көптөгөн кыргызстандыктар базарларда эмгектенип жатышат.

Мекениндеги окуялар жана андагы саясий кырдаал бул мигранттарды да кайдыгер калтырбайт. Алар үй-бүлөлөрүнүн ал-акыбалы, мамлекеттеги окуялар тууралуу утуру телефон аркылуу билип, же маалымат каражаттарынан кабар алып турушат.

Анткен менен, алдыда Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого, мисалы, ростовдук мигранттар катышууга анчейин дилгир эмес дейт ал жердеги кыргызстандыктардын «Манас» диаспорасынын өкүлү Жаныбек Кожомбердиев.

- Эгерде Ростовдун өзүндө шайлоо чөлкөмүн уюштурбасак, бул жактагы эл шайлоо үчүн Кыргызстанга барып келишине ишенбейм. Ошондуктан, Ростовдо шайлоо чөлкөмүн түзүү зарыл, анткени бул жакка Түштүк окрукка кирген Краснодар, Пятигорск шаарларынан кыргызстандык мигранттар келип, добуш бере алышат. Алар да жол карытып, башка шаарлардан келиши үчүн элге эртерээк түшүндүрүү иштерин өткөрүү керек, адамдарды даярдап, алар менен иштеш керек. Азыр бул жактагы мигранттар өкмөткө, бийликке такыр ишенбей калышкан. Алар баардык проблемаларын өздөрү гана чече алабыз деп ойлошот, эч ким жардам бербейт деп эсептешет. Аларда бийликке ишенүү сезимин жаратуу үчүн талапкерлер менен жолугушуулар болушу зарыл. Жаңы бийликти өзүбүз тандай ала тургандыгыбызды түшүндүрүшүбүз керек.

Жаныбек мырза өзү Ростовко 1988-жылы келген. Машина куруу окуу жайын бүтүргөндөн бери ал жерде үй-бүлөлүү болду, эки перзенттин атасы. Анан утуру жылдан-жылда саны арта баштаган кыргызстандык мигранттардын башын бириктирүү аракетине киришүүнү чечет. «Эл эмгегибизге ыраазы» дейт ал.

- Бизде азыр мигранттар менен бир гана «Манас» диаспорасы иштеп жатат. Биз деле түзүлгөнүбүзгө болгону 3 эле жыл толду. Ошол кыска мөөнөттө бир топ иштерди аткара алдык. Райондук, шаардык деңгээлде бийликтер менен бирге кыргызстандыктарды таап, алар менен байланышты күчөттүк. Аларды түрдүү кылмыш топторунан коргоо үстүндө да иштеп жатабыз. Кыскасы, эл ыраазы. Баштап, 15-20 эле студент балдар болчубуз. Анан уюм түзүп, мекендештерибиздин башын бириктире баштадык. Кийин жакынкы шаарлардан адамдар чогулуп олтуруп, азыр 2 миңге жетти. Эгерде ушундай ылдамдыкта бара берсе, дагы 1-2 жылдын ичинде 5-10 миңге чыгышы деле мүмкүн.

Кантсе да, Кыргызстандан Орусияны көздөй агылган мигранттардын көпчүлүк бөлүгү Москвага келишет. Ростовдукдардын шайлоого көңүлү жок болсо, Москвадагы мигранттар кандай дешет деген суроо менен шаардагы «Кыргыз биримдиги» диаспорасынын өкүлдөрүнүн бири Раимкул Токуровко кайрылдык:

- Биз Москвада бардык мигранттар менен байланышты кармап, аларга маалымат таркатып турганга аракет кылабыз. Ошондуктан, Москвада мындай проблема жок болуш керек деп ойлойм. Бирок бизде шайлоо менен байланыштуу бир техникалык проблема бар. Көптөгөн мигранттар добуш берүү үчүн элчиликке келгенден оолакташат, анткени милиция көчөдөн кармаса, аларда проблема көбөйөт. Ошондуктан, азыр биз Борбордук Шайлоо Комиссиясына бизге «көчүрмө урналарды» жасап берүүсүн суранып жатабыз. Алар менен базарларга, мигранттар иштеген башка да жерлерге барганга ыңгайлуу болмок.

Ал эми Апатаев Алтынбек Самара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү. Алтынбек мырза менен биз Москвада көрүшүп калдык. Ал дагы шайлоо алдынан самаралык кыргызстандыктарга да маалымат таркатуу иштерин күчөтүү зарыл деп эсептейт:

- Самаранын өзүндө эле кыргызстандык атуулдардын саны 5 миңге жетет. Биз ал жерде 1996-жылдан бери базарда, куруучулук жаатында иштеп жүрөбүз. Мигранттардын көпчүлүгү соода-сатык менен алектенсе, дагы бир бөлүгү курулуш фирмаларында эмгектенишет.

Самарада мигранттардын санынын көптүгү да бекеринен эмес көрүнөт. Бир чети, Кыргызстандан келген поездден түшө калып эле Самаранын өзүндө калганга ыңгайлуу болсо, дагы бир четинен, шаардын ири базарларынын башкаруу кызматтарында иштеген кыргызстандык атуулдар да көп экен.

- Самарадагы негизги «Киров» атындагы базарда биз жетекчилик менен тыгыз байланышта иштейбиз. Биздин кыргызстандык жигиттер ал жерде администратор, контролер жана башка кызматтарды ээлешет. Алар шаарга келген кыргызстандык мигранттарга базардан жакшыраак орун алганга, же шаарда убактылуу каттоодон өткөнгө жардам берип жатышат. Азыр, мисалы, 15 адамды бир жылдык каттоодон өткөрүп, иштегенге уруксат берген документти алып бердик, - деди Самарадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Алтынбек Апатаев.

XS
SM
MD
LG