Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Улуттук банктын бөлүмүнөн уурдалган акча табыла элек


БИШКЕК. Улуттук банктын Жалалабад областтык бөлүмүнөн үстүбүздөгү жылдын 24-мартында белгисиз бирөөлөр тарабынан 126 миллион 331 миң 600 сом уурдалган. Анын ичинен 103 милллион сом кайтарылып, 22 миллион 700 миң сомдун изи табыла элек. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов Жогорку Кеңештин 12-майдагы отурумунда маалымдады. Анын айтымында, учурда бул иш боюнча Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кылмыш иши ачылып, тергөө жүргүзүлүүдө. Жогорку Кеңештин бул күнкү отурумунда аталган маселени териштирүү парламенттин бюджет, финансы жана Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитеттерине тапшырылды. Маселе 24-майда кайрадан Жогорку Кеңеште карала турган болду.

XS
SM
MD
LG