Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Президенттик шайлоого катышуу үчүн алты талапкер арыз берди


БИШКЕК. 12-майга карата президенттик шайлоого ат салыша тургандыгын баш аягы ондон ашуун атуул жарыялады. Алардын ичинен алтоосу, тагыраак айтканда, Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Жыпар Жекшеев, Жеңишбек Назаралиев, Алмаз Атамбаев, Акбараалы Айтикеев шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, БШК алдында түзүлгөн тил комиссия мүчөлөрү президенттикке талапкерлер Жеңишбек Назаралиев, Жыпар Жекшеев, Акбараалы Айтикеевдин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин он төртүнчү майдагы отурумунда текшеришет. Баш мыйзамдын 43-беренесине ылайык кеминде 50 миң шайлоочунун колун топтогон атуул президенттикке талапкер катары каттала алат.

XS
SM
MD
LG