Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Сот кризиси уланууда


БИШКЕК. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү боюнча жазган арызын бир нече күндөн кийин кайрадан кайтарып алгандыгы сот системасында түзүлгөн кризисти кайрадан курчутат. Мындай пикирин Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына билдирди:

- Осмонов саясий чечим кабыл алгандан кийин аягына чейин туруш керек болчу. Анын арызын кайтарып алышы - Осмонов менен Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын ортосундагы жашыруун макулдашуудан улам болду.

Ал эми жогорудагыдай пикирди ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жалган жалаа деп четке какты. Баш мыйзамга ылайык Жогорку сот төрагасы Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана кызматтан кетет. Ал эми Жогорку Кеңеш апрель айынын соңунда кворум жоктугуна шылтоолоп Курманбек Осмоновдун арызын кароону 12-майга жылдырган. Бул мезгилде Курманбек Осмонов өзүнүн кызматтан кетүү ниетинен кайрадан баш тарткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG