Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Холокосттун курмандыктарына арналган эстелик булганды

Жакында эле Берлинде ачылган экинчи дүйнөлүк согуш маалында кырылган жөөт элинин элесине арналган эстеликке белгисиз бирөө фашисттик белги – свастика тартып кетти. Эстеликтин басма сөз өкүлү Уве Неумеркер боз граниттен жасалган калыптардын биринде бүгүн эртен менен фашисттик белги пайда болгонун билдирди. Көп жылдардан берки талаш-тартыштардан кийин орнотулган эстеликтин ачылышына 10-май күнү Германия менен Израилдин жетекчилери катышкан.
XS
SM
MD
LG