Украинанын президенти Виктор Юшенко өлкөнүн НАТОго, же Европа Биримдигине кошулуусу бүткүл элдик референдум аркылуу чечилчү маселелер экенин белгиледи. Бул тууралуу Юшенко өткөн түнү сыналгыдан элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Евробиримдик жана НАТО Украина аларга кошулуш үчүн дагы көп иштерди жасашы керектигин эскертишкен.